Бишкекте Reporter.kg маалымат агенттигинин колдоосу менен «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» сыйлыгынын лауреаттары сыйландыБишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылдыКР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси алмашып, министрлик кызматка талапкер аныкталдыМыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалдыБШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраттыКыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдү
Ысык-Көлдү булгагандарга Садыр Жапаров кайрылды
02.05.2023 | 23:23
Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көлдү тазалап жаткан кызматкерлеринин видеосун жүктөп, ага карата таштанды таштагандарга кайрылуу жолдоду.
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Мынчалык кайдыгер болбогулачы.
Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат.
Таза болуу өзүбүздөн го акыры.
Неге мынча кайдыгербиз?
Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз.
Тазалыкты сактоону суранам.
«Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза».
Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр.
Ушул кызматкерлердин эмгегин сыйлагылачы” деп жазды өлкө башчысы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом