Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Юстиция министри үч кызматты бирдей аркалай турган болду
10.03.2025 | 18:07
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жарлыккка ылайык, юстиция министри Аяз Баетов Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Документте каралган тапшырмаларды аткаруу үчүн Баетовго мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара кызматташуусун координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлүп, 1-октябрга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамы берилди.
Аяз Баетов аталган кызматтарды өз ара айкалыштырып иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат