Үзүр Жусупбеков Польшадагы мелдеште коло үчүн күрөшөт

Үзүр Жусупбеков Польшадагы мелдеште коло үчүн күрөшөт

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жусупбеков Польшада өтүп жаткан Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинде коло үчүн күрөшөт.

Жусупбеков 97 кг салмакта күч сынашууда. Бул мелдешке 97 кг салмакта 6 гана балбан катышып жаткандыктан, алар эки топко үчтөн бөлүндү. Балбандар бири-бири менен айлампа түрүндө экиден беттеш өткөрүп, өз тобунда биринчи орунда ээлегендер алтын, экинчи орунга илингендер коло үчүн күрөшө турган болду.

Үзүр Жусупбеков В тобуна түшүп, биринчи беттешинде жеңилүү ызасын тартты. Бирок экинчи кармашында атаандашын 6:1 эсебинде жеңди. Ошентип ал үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды. Коло үчүн ал польшалык Якуб Антожевски менен кез келет.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов (77 кг) ушул эле мелдеште финалга чыкты.

Польшадагы мелдеш: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>