Залкар опера ырчысы Артык Мырзабаев эскерилди — сүрөт

Залкар опера ырчысы Артык Мырзабаев эскерилди  — сүрөт

Маданият маалымат жана туризм министрлиги эл артисти, Артык Мырзабаевди эскерүү кече-концерти өткөнүн билдирди.  

Ага опера жана балет театрынын азыркы учурдагы көрүнүктүү солисттери катышып, көрөрмандар Артык Мырзабаевдин репертуарындагы опера арияларын жана вокалдык чыгармаларды, дүйнөлук вокалдык классикалык чыгармаларына күбө болушкан.

Ошондой эле аталган иш-чарага президенттик аппараттын өкүлү Кудайберген Базарбаев, Маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана маркум ырчынын сахналаштары, замандаштары, шакирттери, туугандары катышып сөз сүйлөдү.

Артык Мырзабаев 1930-жылы Кызыл-Аскер айылында жарык дүйнөгө келген. 1949-жылы Фрунзедеги музыкалык хореографиялык окуу жайына кирип, экинчи курсту аяктагандан кийин Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын хорунун артисти болуп кабыл алынат. 1954-жылы окуу жайын бүтүргөндөн кийин Артык Мырзабаевди А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына иштөөгө чакырышып, ал “Айчүрөк” операсындагы Семетей партиясы аркылуу тааныла баштаган.

Өмүр арнаган театрда Артык Мырзабаев баритон үчүн жазылган орус жана чет элдик классикалык опералардын асыресе бардык партияларын аткарган. Бул “Фаусттагы” Валентиндин, “Травиатадагы” Жермондун, “Лакмедеги” Фредериктин, “Дон Карлостогу” Родриго ди Позанын, “Иолантадагы” Роберттин, “Евгений Онегиндеги” Евгений Онегиндин, “Кармендеги” Эскамильонун жана башка партиялар эле. Артык Мырзабаев кыргыз классикалык операсында бир катар жаркын образдарды жараткан талант катары да эсте калды.

Өзгөчө уккулуктуу баритондун ээси гана болбостон, Артык Мырзабаев эң таланттуу драмалык актер катары да тааныла алды. Ар бир партияда ал көрөрмандарды өзгөчө үн керемети менен гана эмес, эң сонун, жеткиликтүү аткарылган драмалык ролдор аркылуу да тарта алды. Залкар ырчы катышкан опералык спектаклдер замандаштары үчүн эстен чыккыс элес калтырган.

Артык Мырзабаев 2005-жылы дүйнөдөн кайткан.

[su_image_carousel source=»media: 52237,52238,52239,52240,52241,52242,52243″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>