Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Зардалыда 1,59 млрд сомго кичи ГЭС салынып, айылга жарык берилет
17.10.2024 | 09:00
Баткендин Зардалы айылында кичи ГЭС салынып, айыл электр энергия менен камсыз болот.
Кичи ГЭСтин кубаттуулугу 29 МВт’ты түзөт. Ал Зардалы суусунун жайылмасында курулат.
Жашыл энергетика фонду өткөргөн сынактын жыйынтыгы менен «Ак-Буура Групп» компаниясы жеңүүчү деп табылып, ГЭСти сала турган болгон. Учурда даярдык иштери башталып, компания гидроэлектрстанцияны курууга 1 млрд 590,6 млн сом жумшоону пландап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом