Жаңы төрага журналисттерди майрамы менен куттуктады

Жаңы төрага журналисттерди майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  коомдук аң-сезимдин калыптанышына түздөн-түз таасир этип, жарандык коом менен бийлик ортосундагы байланышты камсыздап турары баса белгиенген.

“Сиздер өлкөдөгү жаңылануулардын башатында туруп, мамлекет тарыхындагы урунттуу учурларга, тарыхый бурулуштарга, экономикалык жана социалдык жактан жасалган кадамдарга өзгөчө салымыңыздарды кошуп келесиздер.  Ошондой эле акыркы окуяларга байланыштуу өлкөнү жакшы жакка өзгөртүү багытында жүрүп жаткан реформалардын баарын ырааттуу чагылдыруу аркылуу мамлекеттик бийлик бутактары, анын ичинде кыргыз парламенти менен жалпы коомчулуктун өз ара байланышын дагы да чыңай бересиздер деген үмүттөбүз”, — деп жазылат куттуктоодо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>