Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө” токтомго кол койду.
Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, чечим 2020-жылдагы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.
Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин кызматкерлери үчүн 23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен 24-февраль эс алуу күн болмок, бирок ал күн, 2-январдагы иш күнүнө которулат.
8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, 9-март эс алуу күн болмок, бирок ал күн 3-январдагы иш күнгө которулат.
21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен 23-марттагы дем алыш күн болмок, бирок ал күн 6-январдагы иш күнгө которулат.
9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен 11-май дем алыш күн саналмак, бирок ал күн 4-майдагы иш күнүнө которулат.
Ошентип, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1нен 5-майга чейин май майрамдары учурунда эс алышат.