Жакшылыктын миссиясы: катарлык дарыгерлер кыргыз балдарга дүйнөнү угууга жардам берүүдө

01.11.2025 | 11:16

2025-жылдын 30-октябрынан тартып Бишкекте Катар мамлекетинин дарыгерлеринин кайрымдуулук миссиясы башталды. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун (УЭБКБ) базасында алты жогорку квалификациялуу хирургдан турган топ угуу жөндөмү бузулган балдарга кохлеардык имплантация операцияларын жүргүзө баштады.

Учурда 64 бала медициналык кароодон өтүп, операцияга тандалып алынды. Бардык чыгымдарды — импланттарды сатып алуу, хирургиялык операциялар жана бейтаптардын реабилитациясы — Катар тарап толугу менен каржылоодо. Мындан тышкары, катарлык адистер кыргыз хирургдарын жана медициналык кызматкерлерди да окутушат.

Бул долбоор Катар өкмөтү (Ислам иштери жана кайрымдуулук министрлиги аркылуу) жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында ишке ашууда.

Кохлеардык имплантация боюнча операциялар УЭБКБда 2020-жылдан бери жүргүзүлүп келет, ушул убакыт аралыгында 200дөн ашуун бала угуу жөндөмүн кайра калыбына келтирген. Эл аралык кызматташтыктын аркасында Кыргызстан заманбап медициналык технологияларга жол ачып, угуу бузулуусу бар балдарга жогорку технологиялык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип жатат.

Scroll to Top