22-декабрда Жогорку Сотто экс-президент Алмазбек Атамбаевдин (кримавторитет Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш иши) иши боюнча соттук отурум болору күтүлүүдө.
Буга чейин Жогорку Сотко кассациялык даттануу түшкөн.
Жактоочу Сергей Слесарев Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциянын өкүмдөрүн жокко чыгарганда гана мурдагы мамлекет башчы бошотулушу мүмкүн экенин айтты.
Жогорку Соттун жанында Атамбаевдин тарапташтары чогулууда.