Рахманберди уулунун кайрылуусунан кийин ИИМ билдирүү таратып, спортчу менен Эмилбек Кимсановдун башка чуулгандуу ишке катыштыгы бардыгын ачыктап, аларга издөө жарыялаган.
Издөөдө жүргөн Кимсанов февраль айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Көп өтпөй Биринчи май райондук соту анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, үй камагына алуу боюнча чечим чыгарган.
Бирок ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-мартта кайра камакка алганып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.