Адвокат Эмилбек Кимсановдун сабалганын айтууда. ЖАМК маалыматты жалган дейт

Адвокат Эмилбек Кимсановдун сабалганын айтууда. ЖАМК маалыматты жалган дейт

Учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов сабалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Түнкү саат үчтө жашыруун түрдө Кимсановдун СИЗО-1де сабалганы тууралуу маалымат айтышты. Анын камерасына 3 адамды киргизишип, өмүрүнө коркунуч жаратушууда. Мен нөөмөттө тургандарга телефон чалсам, мага иш күнү болбогондуктан кимдир бирөөнү текшерүүгө жибере алышпасын айтышты. Анда эмнеге СИЗОнун кызматкерлери нөөмөттө турушат? Мамлекет камакка алган соӊ, айыпталып жаткан адамдын ден соолугуна, өмүрүнө жооп берет”, — деп жазган жактоочу.

Ошондой эле  Кимсановдун аялы Мария Заворотня дагы жолдошунун денесинде көк-ала тактары бар сүрөтөн социалдык тармакка жүктөдү.

Бул маалымат боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков  Reporter.kg`ге жооп берип жатып,  аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

«Биздин кызматкерлер Кимсановго барганда ал өзү бул маалыматка таң калган. Ошондой эле эч кандай уруп-согуу болбогондугу тууралуу түшүнүк кат жазды. Ал эми соцтармакта тарап жаткан сүрөттү кайдан алышканын билбейм, балким ал эски болушу мүмкүн. Жактоочусу айтып жатат, түнкү үчтө ананимдүү түрдө чалды деп, мындайды бардык эле адам жасай алат. Далил болуу керек да. Ушундай учурда элди эмнеге дүрбөтүшөт? Ал ЖАМКнын борбордук аппаратына чалып же кат түрүндө кайрылып жооп алса болот. Бирок бизде баардык жер видео камера аркылуу көзөмөлдө”, — деп жооп берди ЖАМКнын расмий өкүлү.

Белгилей кетсек, Эмилбек Кимсанов 14-февралда спортчу  Төлөгөн Рахманберди уулунун президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусун өзүнүн “Фейбуктагы” баракчасына жүктөгөн. Кайрылууда спортчу  Ош шаардык комитетинин мурдагы башчысы Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбековдон запкы жегенин айтып чыккан.

Рахманберди уулунун кайрылуусунан кийин ИИМ билдирүү таратып, спортчу менен  Эмилбек Кимсановдун башка чуулгандуу ишке катыштыгы бардыгын ачыктап, аларга издөө жарыялаган.

Издөөдө жүргөн Кимсанов февраль айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Көп өтпөй Биринчи май райондук соту анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, үй камагына алуу боюнча чечим чыгарган.

Бирок ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-мартта кайра камакка алганып,  Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>