Президент маммекемелерде электр энергиясын үнөмдөөнү талап кылып, жарандары тынчсыздандырбоо керектигин эскерттиСадыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен баратЧүй облустук ооруканасында хирург Эрнст Акрамовго арналган музей ачылдыЭскертуу берип, тосмолордон ашып отту. Бишкек мэри ресторандар менен барларды рейдден откордуКыргыздар менен казактарды тилдеген Екатерина Биволго Орусияда кылмыш иши козголушу мүмкүнРеферендумду президенттин демилгеси менен өткөрүү боюнча мыйзам долбоор сунушталды
Жактоочу Самат Матцаков камактан бошотулду
25.02.2025 | 10:00
Жактоочу Самат Матцаков камактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, Матцаковдун бөгөт чарасы 24-февралда каралган. УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча сот Матцаковду эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошоткон.
Эскерте кетсек, Самат Матцаков — камакта отурган ишкер Имамидин Ташовдун, абакка кесилген акын Аскат Жетиген жана журналист Актилек Капаровдун жактоочусу.
УКМК Матцаковду 2024-жылы 29-ноябрда «алдамчылыкка» жана «документ жасалмалоого» шектеп кармаган. Ошондон бери ал камакта болуп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом