Жакында Нарында электр мотоциклдерин чогулткан ишкана ачылат

Жакында Нарында электр мотоциклдерин чогулткан ишкана ачылат

Жакында Нарын облусунда электр мотоциклдерин чогултуучу завод ачылат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-июнда облус жетекчилиги Кытайдын Кашгар шаарындагы «Сиганг Синьцзянь Гуожи Маои» компаниясынын өкүлдөрү менен соңку сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүп, анын жыйынтыгында заводду ишке киргизүү макулдашылган.

Мотоциклдерди чогулта турган завод «Нарын Эркин экономикалык аймагында» иш алып барып, Ат-Башы районунун Кара-Булак участогунда курулган «Кургак порт жана бонддук-логистикалык борборунда» жайгашат.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 20-июнга чейин техникалардын тетиктери Кытайдан алынып келинип, уюштуруу иштери жүргүзүлөт жана июндун аягында завод ишке кирет. Ишканада эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдер чогултулат.

Жаңы завод ишке кирсе жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү бюджетке кошумча салыктар түшө баштайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>