Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдү
19.03.2026 | 16:45

Бүгүн, 19-мартта, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Жакынкы Чыгыштагы окуяларга байланыштуу өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин карашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, кеңешме өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өттү.
Жыйында ошондой эле азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту бекемдөө чаралары талкууланды. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштарын беришти.
Жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат