Өкмөттө Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо маселеси талкууланды

02.03.2026 | 14:36

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана тармактык мекемелердин жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жыйында согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды мекенине кайтаруу боюнча чаралар каралды. Коопсуздук кеңешинин катчысы аймактагы абалга күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Тышкы иштер министрлигине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:

  • Тобокелдик зонасындагы жарандардын санын жана абалын тактоо;
  • Жарандарды коопсуз жерлерге убактылуу жайгаштыруу;
  • Зарыл болгон учурда чыр-чатак аймагынан чукул эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөдөгү мекемелердин базасында жарандарга жардам көрсөтүү жана кеңеш берүү үчүн “ыкчам байланыш” телефондорунун иши үзгүлтүксүз улантылары белгиленди.

Адилет Орозбеков согуш жүрүп жаткан аймактагы жана аба мейкиндигинин жабылышынан улам аэропорттордо калып калган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик органдардын милдети экенин билдирди.

Scroll to Top