Максым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталуудаОштогу «Сулайман-Тоо» музей комплекси реконструкцияланат
Жалал-Абад: Хизбут-Тахрир уюмунун мүчөсү камакка алынды
27.09.2021 | 16:03
Хизбут-Тахрир уюмунун мүчөсү 51 жаштагы Х.М. Жалал-Абаддан кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад милициясы билдирди.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, ал “Махалла жура” (Кошуна жоро) ватсап месенжеринен тайпа түзүп, аймактарына ишмердүүлүгүн жайылтып турган. Тинтүү маалында үйүнөн китептер, баракчалар, телефондор табылган. Ал материалдарды текшерүүдөн кийин Хизбут-Тахрир уюмунун ишмердүүлүгүн даңазалап, диний аралык кастыкты козутууга аракеттери такталган.
Шектүү Х.М.нын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом