Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалды

21.10.2025 | 10:15

Манас шаарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу К.З.А. системалуу түрдө алдамчылыкка барган деп шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кармалды.

Ал тергөө маалыматтарына ылайык, кызматтык абалынан пайдалануу менен абитуриенттерди адаштырып, аларды сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу, экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алуу мүмкүнчүлүгүн убада кылган.

Шектүү бул кызмат көрсөтүүлөр үчүн жабырлануучулардан мезгил-мезгили менен акча алып турган, аны окуу акысын төлөө жана семестрлерди «жабуу» үчүн деп түшүндүргөн.

Учурда тергөөчүлөр окутуучунун акыркы беш жыл ичинде жасаган 50дөн ашык окшош алдамчылык фактыларын аныкташты.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы, К.З.А.нын иш-аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, төмөнкү телефон номерлерине кайрылуусун сурайт:

(03722) 5-60-49, (0556) 06-18-83.

Scroll to Top