Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Жалал-Абад облусунда жаңы реабилитациялык комплекс курулууда
01.12.2025 | 10:45
Токтогул шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбордун курулушу башталды. 29-ноябрда курулуштун жүрүшү менен курулуш министри Нурдан Орунтаев жеринде таанышып чыкты.
Борбордун аянты болжол менен 1,7 миң чарчы метрди түзөт.
Долбоорго ылайык, комплекс жер төлөөсү бар үч кабаттуу имараттан турат.
Пландоого ылайык, имарат функционалдык аймактарга бөлүнөт:
- биринчи кабатта кабыл алуу бөлүмү, медициналык процедуралар жана персонал үчүн кабинеттер, ата-энелер менен жолугушуу бөлмөсү жана ашкана жайгашат;
- экинчи жана үчүнчү кабаттарда палаталар, процедуралык бөлмөлөр, ошондой эле эркек балдар жана кыздар үчүн өз-өзүнчө санитардык жана жуунучу бөлмөлөр болот.
Имаратта мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ыңгайлуу жана коопсуз жүрүшү үчүн пандустар жана атайын жабдуулар каралат.
Объект УКМК төргасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен курулууда. Курулуш иштерин Курулуш министрлигине караштуу «Кыргызкурулуш» ишканасы жүргүзүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом


