Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Жалал-Абадда 11 жаштагы кызды уурдоого шектүү кармалды
18.08.2025 | 18:02

Жалал-Абад шаарында 11 жаштагы кызды уурдоого шектүү катары 42 жаштагы жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-августта саат 11:00 чамасында кыз үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, ата-энеси милицияга кайрылган. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кыз ошол эле күнү кечки саат 18:30да Ош облусунун Кара-Суу районунан табылып, ата-энесине жеткирилип берилди.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, шектүү кармалып камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар