«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылдыИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсыз
Жалал-Абадда акча опузалоого шектелип блогер Айка Мусаева кармалды
18.01.2025 | 12:32
Жалал-Абад облусунда ишкерлерден акча опузалаган деп шектелип блогер кармалды.
УКМКнын маалыматына караганда, “Айка Мусаева” аттуу блогду алып барган С.А.М. аттуу жаран Сузак жана Ноокен райондорундагы ишкерлерди, бай адамдарды социалдык тармактарга терс сүрөт-видеолорду чыгарам деп коркутуп акча талап кылган.
“Азыркы учурда анын 120-80 миң сом алганы боюнча эки факт аныкталды. Айрым учурларда ал өзүн УКМК менен байланышы бар деп көрсөтүп, акчалай карыздарды өндүрүп берүү боюнча жеке кызмат сунуштаган”, – деп айтылат билдиоүүдө.
Шектүү бул кылмыштарды Сузак айылдык кеңешинин спикери Х.Ж. менен макулдашып жасаганы жана анын дагы кармалганы маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар