Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Айнуска Саматова аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Эскерте кетсек, 4-октябрда облустук милиция Айнуска Саматова 29-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
10-октябрь күнү Базар-Коргон райондук милициянын кызматкерлери Саматованы Бишкек шаарынан таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.
«Айнуска Саматова Бишкек шаарына өзүнүн жумуштары менен кеткенин, үй-бүлөсү менен эч кандай чыр-чатак болбогондугун билдирген», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз