Жалал-Абадда «Кара-Көл» ГЭСи расмий ишке берилди

Бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусунда «Кара-Көл» ГЭСинин ачылыш аземи болуп өттү. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ГЭС Кара-Суу дарыясынын Нарын дарыясына куйган жеринде, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында курулган. Станциянын жалпы кубаттуулугу 18 МВт болгон эки гидроагрегаты бар.
“Электр энергиясын жылдык орточо өндүрүү 104 млн кВт∙саатты түзөт, бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын болжол менен 2,5%га азайтууга жана Кара-Көл менен Токтогул ГЭС Каскадын электр энергиясы менен камсыздоо ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет”,- деп айтылат маалыматта.
Долбоор ата мекендик инвестор – «Жагалмай» ЖЧКсы тарабынан 25 млн АКШ долларына ишке ашырылган.
Өлкө башчы «Кара-Көл» ГЭСинин курулушу 5 айга эрте бүткөрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, ГЭС 5 жылдык пайдалануудан кийин мамлекетке толук өткөрүлүп берилет.
“Курулуш иштерин толугу менен ата мекендик компания жүргүзүп, улуттук ресурстарга таянып, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишти. Биздин адистерибиздин олуттуу тажрыйба топтоп, энергетика тармагындагы жогорку квалификациялуу кадрлар катары калыптанып жатышы — маанилүү жетишкендик десем болот. Бул дагы – биз үчүн чоң сыймык”,- деген ал ачылыш аземде.