Жалал-Абадда «Коопсуз шаар-2» долбоорун ишке ашыруу старт алды

Жалал-Абадда «Коопсуз шаар-2» долбоорун ишке ашыруу старт алды

Жалал-Абад облусунун аймагында «Коопсуз» шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу башталды. Облустук Жол коопсуздук кызматынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдиргендей, учурда камера орнотулуучу жерлер текшерилип жатат.

» Snenzhen Sunwin» компаниясынын өкүлдөрү, Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек — Ош, Жалал-Абад — Балыкчы автожолдорунда жана ошондой эле Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө жол эрежелеринин бузууларын аныктаган көзөмөл камера-комплекстери орнотулуучу участкаларды алдын ала  текшерүүдөн өткөрүшүүдө», — деди Сатыбалдиев.

Аталган көзөмөл камера-комплекстери төмөнкүдөй тартипте орнотулмакчы:

— Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу өткөн Бишкек — Ош автожолунда- 32 жайга;
— Жалал-Абад — Балыкчы автожолунда — 4 жайга;
— Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө 12 жайга орнотулмакчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>