Прокуратура: Жалал-Абадда мектепти курууда акча кымырылганы аныкталды

Прокуратура: Жалал-Абадда мектепти курууда акча кымырылганы аныкталды

Башкы прокуратура Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылында мектепти курууда акча кымырылганы аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айылдагы М.Төрөмаматов атындагы орто мектептин курулушунда облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери «Ф» ишканасы менен сүйлөшүп алып, иш жүзүндө аткарылбаган иштерди кабыл алышкан. Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 640,9 миң сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары, 1 млн 188 миң сомдук 250 кВт генераторду «2 млн 30 миң сомго сатып алынды» деп көрсөтүшкөн.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 379-беренеси (документ жасалмалоо) жана 210-беренеси (мүлктү ыйгарып алуу) менен кылмыш иши козголгон. Иш облустук милицияга тергөө үчүн жөнөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>