Жалал-Абадда жаш балдар катышкан жол кырсыктарын жоюуга багытталган акция өттү

Жалал-Абадда жаш балдар катышкан жол кырсыктарын жоюуга багытталган акция өттү

Жалал-Абадда жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган акция жыйынтыкталды. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Бир жумага созулган акциянын жүрүшүндө, жол коопсуздук  кызматкерлери балдар ойноочу жайларда, бассейндерде жана лагерлерде жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, жолдо жүрүү эрежелери тууралуу сабактарды өткөрүшкөн.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунда 2018-жылдын 6 ай аралыгында жаш балдар катышкан 63 жол кырсыгы каттлаган.  Мунун кесепектинен 11 бала каза болуп, 64 бала ар кандай жаракаттарды алышкан.

Ушул жылдын 6 айына карата 57 жол кырсыгы катталып, 4 бала  каза болуп, 54 өспүрүм жаракат алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>