Барскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулатКытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болдуБишкекте Маалыматтык коопсуздук борборунун имараты ачылдыЖККУнун «Кант» авиабазасынын аскер кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам бериштиОрмуз кысыгынын тосулушу Европага масштабдуу энергетикалык сокку менен коркунуч туудурууда26-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулат
Жалал-Абадда жеке менчик бала-бакчадан өрт чыкты
27.05.2025 | 14:13
Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчада өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, саат 11:48де А.Новои көчөсүндө жайгашкан бала бакчынын ашканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, бала бакчадагы 33 тарбиялануучу жана 3 тарбиячы куткаруучулар тарабынан эвакуцияланган. Газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды.
“Өрт чыккан аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себептери такталууда”,- деп билдирди ӨКМ.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар