Кыргызстандагы түзөтүү жайларынын жана тергөө абактарынын кызматкерлери коронавирусту аныкташ үчүн текшерүүдөн өтүп жатышат. Бул тууралуу “Репортерго” Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков билдирди.
“6-май күнү №1 тергөө абагындагы барыдк кызматкерлер ПЧР тест аркылуу текшерүүдөн өтүшкөн. 7-май күнү №47 түзөтүү абагынын кызматкерлери коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттен өтүштү. Эми башка абактардагы кызматкерлер дагы текшерүүдөн өтүшөт”, — деди Калыков.
Бүгүн, 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен коронавирус табылганын айтты.
Буга чейин Жаза аткаруу кызматы №1 тергөө абагынын кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганы тууралуу жазылган маалыматты четке каккан болчу.