ЖАМК: Жапаровдун камактагы жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылы аяктайт

ЖАМК: Жапаровдун камактагы жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылы аяктайт

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун жатак абакка которулушу боюнча боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан расмий маалыматта, Жапаровдун камактагы жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай тургандыгы айтылат.

«Жогорку соттун Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча токтому адамды барымтага алуусун уюштурган деп айыпталган Жапаровдун камактан чыгышына же жатак абагына которулушуна жол бербейт. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартында башталган. 2026-жылдын 5-октябрында бүтөт.

Социалдык тармактарда жарыяланган документтер чынында эле №1 түзөтүү мекемесинен берилген. Бирок абак жетекчилиги документтерди берүүдө жогорудагы мыйзам талаптарын эске алган эмес. Бул факты боюнча текшерүү жүрүп, жатат анын жыйынтыгы менен күнөөлүлөр жазага тартылат”,  — деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.


Буга чейин экс-депутаттын жактоочулары Жапаровдун түзөтүү колониясындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарыларын айтышкан.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди “барымтага алган” деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Өткөн жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>