Саясатчы Садыр Жапаров февралда жатак абакка которулат

Саясатчы Садыр Жапаров февралда жатак абакка которулат

Жогорку Кеңештин мудагы депутаты Садыр Жапаров 5-февралда жатак абакка которулат. Ал учурда Чүйдүн Молдовановка №1 түзөтүү абагында. Бул  тууралуу саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосунов жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Жапаров 2020-жылдын 5-февралына чейин түзөтүү абагындагы мөөнөтү аяктайт.

«Садыр Жапаровдун жатак абакка которууга мыйзам боюнча убагы келди. Эми ЖАМКсы карап чыгат. Аталган комиссия Жапаровдун түрмөдө отурган убагында тартип бузбагандыгын карап, аны жатак абакка чыгарат. Бирок Садыр Жапаров абактан эч кандай тартип бузган эмес», — деп маалымдады жактоочу Токтосунов.

Садыр Жапаров ушул жылдын 6-февралынан тарта жатак абакка которулат.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди «барымтага алган» деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Өткөн жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>