Жанар Акаев эртең мененки рейддер салтын улантып, Оштун көчөлөрүндө тартип орнотууну тапшырды

25.02.2026 | 17:31

25-февралда Ош шаарынын жаңы мэри Жанар Акаев көчө соодасына каршы эртең мененки рейд өткөрдү. Ал бул инспекциялык текшерүү эстафетасын мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевден өткөрүп алды.

Көчө кыдыруу учурунда калаа башчысы «Манас-Ата» аймактык башкаруусундагы Тилеке Баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүн текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында Жанар Акаев тийиштүү кызматтардын жетекчилерине аталган тилкелердеги мыйзамсыз соода түйүндөрүн толугу менен жоюуну жана мындан ары мындай тартип бузууларга жол бербөөнү катуу тапшырды.

«Бир дагы жерде башаламан көчө соодасы болбошу керек. Биз шаарда темирдей тартипти орнотуп, заманбап шарттарды түзүшүбүз зарыл», — деп баса белгиледи мэр.

Аталган көчөлөрдө тартипти камсыз кылуу үчүн көзөмөл күчөтүлөт. Мыйзамсыз соода ишмердүүлүгүн уланткан жарандарга карата тийиштүү административдик чаралар көрүлөт. Ошентип, шаардын жаңы башчысы Оштун көчөлөрүн башаламан базарлардан системалуу түрдө тазалоо жана муниципалдык башкарууда тартипти чыңдоо багытын тастыктады.

Теги: Ош
Scroll to Top