Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Орунбеков Дайырбек Тейишовичтин өмүр баяны.
Орунбеков 35 жашта, ал Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ойтал айылында туулган.
Билими:
— Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультети.
Эмгек жолу:
— 2009-2010-жылдары «Айат Пресс» гезитинин жооптуу катчысы, кабарчысы;
-2010-2011-жылдары – «Аргумент» гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактору;
-2011-2012-жылдары — «Асман пресс» гезитинин башкы редактору;
-2012-2013-жылдары «Мекен инфо» гезитинин башкы редактору;
-2011-2013-жылдары — Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
-2013-2018-жылдары — Maalymat.kg маалымат агенттигинин директору;
-2018-2020-жылдары — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси;
-2020-2021-жылдары – “Манас” эл аралык аэропортунун төрагасынын кеңешчиси;
-2021-жылы – №11 Алай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер (добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча экинчи орун) -2021-2022-жылдары – «Кыргыз темир жолу» ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы;
Ошондой эле «Жетиген нуру» кайрымдуулук фонду» коомдук фондунун директору болгон. -2015-2017-жылдары экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берген. 2015-жылы Башкы прокуратура Д.Орунбековдун 2014-жылдын 30-сентябрында Кыргызстандын президентинин ар-намысына шек келтирген макаласы боюнча Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Райондук сот 2015-жылдын 29-июнунда Д.Орунбековго карата жарандык ишти карап, журналистке 2 миллион сом моралдык компенсация төлөп берүү чечимин чыгарган.
2017-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда бул кылмыш иши боюнча ачык соттук отурум болуп өткөн. Сот Д.Орунбековдун мурда соттолбогондугун эске алып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, мунапыс боюнча кылмыш ишин токтоткон. 2017-жылдын 27-мартында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. 2 миллион сом компенсация төлөп берүү чечими күчүндө калганын Жогорку Сот билдирген.
Өткөн жылдын февраль айында Орунбеков УКМК имаратынын жанында Райымбек Матраимовду колдоо митингдерине катышкан. Анын аты журналисттик иликтөөдө да чыккан.