Жаңы окуу жылынан баштап 1-2-класстарга баа коюлбайт. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, окуучулардын билимин баалоо 3-класстан тарта башталат.
Министр мектептеги билим берүү тармагында чет тилдерди жана маалыматтык технологияларды үйрөнүүгө чоң көңүл буруларын кошумчалады.