Бул жылы Бишкекте экологиялык себептерден улам Жаңы жылга карата майрамдык фейерверк атылбайт. Мындай чечимди борбор калаанын мэриясы кабыл алды.
Мэриянын маалыматына ылайык, анткени фейерверкти аттыргандан кийин көпкө анын түтүнү асманды каптап турат. Ал эми фейерверкти аттырууга сарптала турган 800 миң сом башка иштерге жумшалат.
Калаа бийлиги тургундарды жаңы жылды майрамдоодо колго жасалган фейерверктерди колдонбоого чакырат.