Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Жапаров Азербайжандын өкмөт башчысын Чолпон-Атага чакырды
20.08.2022 | 12:29
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады.
Акылбек Жапаров Али Асадовду Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына конок катары келип кетүүгө чакырды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом