Жапаров: Чек ара кызматын УКМКга өткөрөбүз деген ниетибиз бар

Жапаров: Чек ара кызматын УКМКга өткөрөбүз деген ниетибиз бар

Жакынкы аралыкта мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Бул тууралуу президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облустундагы иш сапарында билдирди.

“Чек ара маселесин ынтымак менен чебебиз. Чек ара кызматын УКМКга өткөрүп беребиз деген жакын арада планыбыз бар, анан калганын булар барып сүйлөшүп келсе маселелерди чечкенге аракет кылабыз”, – деген ал.

Белгилей кетсек, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин Камчыбек Ташиев жетектеп  жатат. Ал Садыр Жапаровду өлкөнүн түштүгүнө жасаган иш сапарында коштоп жүрөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>