Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Жапаров менен Путиндин жолугушуусу: эки тараптуу документтерге кол коюлду
26.11.2025 | 18:21

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 26-ноябрда, кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча жети эки тараптуу документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Ынтымак-Ордодогу» жолугушууда Садыр Жапаров жана Владимир Путин мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында өз ара аракеттенүүнү арттырууга багытталган эки тараптуу документтерге кол коюлду:
- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы эки өлкөнүн ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстан менен Орусиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
- “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен “Россия почтасы” акционердик коомунун ортосундагы ниеттер жөнүндө макулдашуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат