ЖРТга катышпай калган абитуриенттер үчүн тесттин кечиктирилген этабы болотСадыр Жапаров Фарид Ниязовго ырайым кылды — булактарБишкектеги «Акыркы коңгуроо»: милиция ондогон мыйзам бузууларды аныктадыКөңүл бургула! 1-июнда Ала-Тоо аянтынын тегерегинде унаа кыймылы чектелет«Наристе» эл аралык балдар фестивалы: Бишкекке Санкт-Петербург жана Пушкинодон делегациялар келдиШаар тургундары менен жолугушуулардын жыйынтыгы — Бишкек мэрине 1,4 миң кайрылуу келип түштү
Жапаров менен Путиндин жолугушуусу: эки тараптуу документтерге кол коюлду
26.11.2025 | 18:21
Эксклюзив
Бишкектен ички каттамдар боюнча гид: борбор калаадан бир саатта учуп барып, эмнелерди көрүүгө болот?

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 26-ноябрда, кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча жети эки тараптуу документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Ынтымак-Ордодогу» жолугушууда Садыр Жапаров жана Владимир Путин мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында өз ара аракеттенүүнү арттырууга багытталган эки тараптуу документтерге кол коюлду:
- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы эки өлкөнүн ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстан менен Орусиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
- “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен “Россия почтасы” акционердик коомунун ортосундагы ниеттер жөнүндө макулдашуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат