Жапаров: Ноокатка жардамдашкысы келгендер штабга кайрылгыла

Жапаров: Ноокатка жардамдашкысы келгендер штабга кайрылгыла

Ноокат, Кара-Кулжа райондорунда болгон селдин кесепетин жоюуга керек болгон ресурстар жана каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Facebook баракчасына жазды.

Ал ыкчам штаб түзүлүп, ал президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан координацияланып жатканын айтты.

«Зарыл болгон муктаждыктар мамлекет тарабынан уюштурулуп тезинен чечилүүдө. Ошондой эле жергиликтүү ыктыярчылар дагы тазалоо иштерине көмөктөшүп жатканын белгилейбиз. Мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар берилүүдө, шарттар түзүлгөн, кырдаал көзөмөлдө турат», — дейт Акылбек Жапаров.

Ал ошол эле учурда ноокаттыктарга жардам берүү үчүн өз алдынча каражат чогултуунун зарылдыгы жоктугун айтат.

«Интернеттеги социалдык байланыш тармактары аркылуу азык-түлүк, каржылык жардамдарды чогултуу демилгесин көтөрүп, ар ким өз алдынча эсеп ачкандарды көрүп жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби: ар кимдин өз алдынча акча каражаттарды чогултуунун кажети жок. Мындай учурдан алдамчылар да пайдаланып кетүүсү толук ыктымал», — деп эскертет министрлер кабинетинин төрагасы.

Анткен менен аткаруу бийлиги техникалык жардамдан өзү дагы баш тартпайт.

«Адам күчү, же техникасы менен кол кабыш кылуу ниети бар жарандар Оштогу штабга кайрылса болот», — дейт Акылбек Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>