Жапаров Ташиевдин парламентке эки ящик курал алып келгени боюнча оюн айтты

Жапаров Ташиевдин парламентке эки ящик курал алып келгени боюнча оюн айтты

Садыр Жапаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин парламентке эки ящик курал алып барганы боюнча өзүнүн пикирин «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

— Жогорку Кеңешке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эки ящик курал алып барган» деген сөздөр коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул кандай максатта жасалды? Анан ушул окуядан улам, «Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов урушуп кетиптир» деген кептер бар. Маалыматыңыз барбы?

— Депутаттар «Баткен бүтө электе маалымат бергиле» деп чакырышкан экен. «Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен» деген сөздөр болуп, «Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат» деген сындар болуптур. Анан «мына силерге автомат» деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>