Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Жапон өкмөтү Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 500 млн иен грант берет
29.07.2025 | 17:37

Өлко башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Жапониянын өкмөттөрү ортосундагы “Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” долбоору боюнча алмашуу ноталарын ратификациялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Документке 2025-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган. Ага ылайык, жапон тарап Кыргызстанга 500 млн жапон иени өлчөмүндө грант берет.
Бул каражаттар мобилдүү медициналык комплекстерди заманбап диагностикалык жабдуулар менен жабдуу аркылуу жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу райондордо медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн берилүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат