Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин кармалганы тууралуу үн катты.
Ал бул окуяны коррупция менен чындап күрөшүү катары сыпааттаган.
“УКМК коррупция жана өзгөчө оор, чоң мааниге ээ кылмыштарды иликтейт, ал эми Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөт ( камаш кыйын). Финполдун алы депутатка жетпесе да балдарын камаганбыз. Бирок ал дагы сот аркылуу чыгып кеткен.
Бүгүн Жумалиевди АКС басыптыр, бир чети туура болду. УКМКнын мүмкүнчүлүгү көп, СИЗОсу да бар, өздөрү изилдешсин (объективно). Коррупция менен АКС күрөшөт, мыйзам ошондой. Мына акчага таянган маал өттү, миллиардер «Граф» коронавирустан өтүп кетиптир, ыйманы саламат болсун. Миллиардер Жумалиев кармалды. Коррупция менен күрөшүү накта башталды. УКМК азаматсыңар”, — деген Жапыкеев.
Жапыкеев кызматка келе электе Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз байыган деп кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн.
Бишкектин Ленин райондук соту 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыгарган. Депутаттын пайдасына Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүлө турган болгон.
Кийин Сыймык Жапыкеев жетектеген Финансы полициясы Кубанычбек Жумалиевдин 2 баласын алдамчылыкка шектүү катары кармаган. Бирок көп узабай сот эл өкүлүнүн балдарын абактан чыгаруу чечимин кабыл алган.