Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда жапон тили курсу ачылды

13.08.2025 | 12:26

Мигранттарды алдын ала багыттоо жана кайра интеграциялоо борборунда жапон тилин интенсивдүү үйрөнүү курсу ачылды. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, курс Кыргызстан менен Жапония ортосунда эмгек миграциясы боюнча кызматташтык тууралуу кол коюлган Меморандумдун алкагында ачылган.

8-августта курстун расмий ачылышы өтүп, ага аталган борбору директору Кудайбердиев жана Япониянын курулуш кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча улуттук корпорациясынын (JAC) менеджери Хиденори Симидзу катышкан. Курста окутуу үчүн өзгөчө социалдык колдоого муктаж жаштардан турган 30 катышуучу тандалып алынып, аларга курс өткөрүлүүчү шарттар тааныштырылып, окуу колдонмолору жана керектүү материалдар тапшырылган.

Жапон тили курстары эки өлкөнүн ортосундагы эмгек миграциясын өнүктүрүү программасынын бир бөлүгү болуп саналат жана Кыргызстандын жарандарына Жапонияда жумушка орношууга шарт түзөт.

Scroll to Top