Нарын дарыясына бир күндө эки бала түшүп кетти. Алар эки күндөн бери изделип жатат

Бир күндө Нарын шаарында жана Аксы районунда эки жаш бала Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМнын маалыматында, 5-апрелде Нарын шаарынын Ленин жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде 5 жаштагы О.А.О. аттуу бала дарыяга түшүп кеткен. Бүгүн, 6-апрелде, издөө иштери уланып, ага куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган жалпы 96 адам, 1 кайык жана 1 дрон тартылган.
Ошол эле күнү Аксы районунун Кум айылында да 8 жашар К.И. аттуу бала дарыяга түшүп кеткен. Издөө иштерине 86 адам, ошондой эле 1 дрон жана 3 кайык тартылган.
Аксыда издөө иштерин жеңилдетүү максатында “Үч-Коргон ГЭСи” менен Нарын дарыясындагы суунун көлөмүн азайтуу боюнча макулдашуу түзүлгөн. Ага ылайык, 6-апрелде саат 08:00дөн баштап суу азайтыла баштаган.
Учурда эки аймакта тең издөө-куткаруу иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.