«Баатыр эне» энелеринин балдарына окуу боюнча жеңилдиктер. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды«Кыргызстанга жыл бою иштөөчү туризм керек». Сергей Глуховеров — сезон, жаңы каттамдар жана тармактын келечеги тууралууКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Венгриянын премьеринин кеңешчиси глобалдык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын такташтыКыргызстанда туризмдин кирешеси 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд долларга жеттиНарында эки адамды сүзүп кеткен айдоочу 23 жаштагы аскер кызматчысы экени белгилүү болдуТрамп Ирандын мунай ресурстарына АКШнын көзөмөлүн орнотуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт
Жаратылыш ресурстары министрлиги кыргызстандыктарды Жаңы жылда салюттан баш тартууга чакырды
11.12.2025 | 11:57
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, Жаңы жылдык майрамдарда пиротехниканы колдонуудан баш тартууну өтүндү.
Мекеме кадимки фейерверктер үч түрдө зыян алып келерин түшүндүрдү:
- Абанын булганышы: Кышында температуралык инверсиядан улам шаарларды ансыз деле кара түтүн каптап турганда, пиротехникадан чыккан түтүн уулуу заттардын топтолушун кескин жогорулатат.
- Таштанды: Салют атылгандан кийин топуракты булгаган пластик, кагаз жана химиялык калдыктардын үймөгү калат.
- Өрт коркунучу: Пиротехниканы колдонуу өрт чыгуу коркунучун кыйла күчөтөт.
Министрлик майрамдык маанай тартуулоонун заманбап жана коопсуз ыкмаларына өтүүнү сунуштайт. Альтернатива катары төмөнкүлөр сунушталууда:
- Жарык инсталляциялары;
- LED-иллюминациялар (жарык жасалгалары);
- Дрондор шоусу.
Мекеме таза абаны сактоо жана жарандардын коопсуздугу үчүн быйыл Жаңы жылдык салюттардан баш тартууну камсыздоо сунушу менен шаар мэрияларына жана мамлекеттик органдарга расмий кат жөнөттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом