Депутат тез жардам унааларын ылдамдыкты ашырганы үчүн айыпка жыкпоону сурандыКРда пенсия алууга укугу жок жарандарга пенсиялык топтомолорун алууга уруксат берилиши мүмкүнСадыр Жапаров ӨКМ башчысына катуу сөгүш жарыяладыКыргызстанда бардык аймактык аэропорттор калыбына келтирилди — андан ары эмне болот?УКМК кызматкеримин деп, 17 миң долларга алдаган: Бишкекте шектүү жаран кармалдыКыргызстан тоолуу өлкөлөр үчүн COP31де эл аралык программа сунуштады
Бишкекте жогорку окуу жайдын мугалими аялын сабаганы үчүн камалды
11.12.2025 | 12:10

Бишкекте жогорку окуу жайдын мугалими үй-бүлөлүк зомбулук фактысы менен камалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИББ кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-декабрга, караган түнү саат 00:25 чамасында «102» кызматына 11-микрорайондо зомбулук көрсөтүлгөнү билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери барып, 37 жаштагы эркек киши жубайын сөгүп, кол көтөргөнү тастыкталган.
Эркек киши Тергөө кызматына жеткирилген. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча административдик протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милициянын маалыматында, кармалган жаран Ж.Т. борбордогу жогорку окуу жайларынын биринде окутуучу болуп эмгектенет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар