Жаратылыш ресурстары министрлиги жана GIZ Кыргызстанда «Жашыл шаарлар» экологиялык долбоорун ишке ашырууга киришүүдө

10.02.2026 | 12:35

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы «Жашыл шаарлар» регионалдык долбоорун иш жүзүндө ишке ашыруу маселеси болду.

Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлиги тарабынан каржыланган бул программа Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан үчүн иштелип чыккан. Жаратылыш ресурстары министрлиги республиканын аймагында экологиялык реформаларды жүргүзүүдө негизги өнөктөш катары аныкталган.

Долбоордун негизги милдети — шаарларды туруктуу өнүктүрүүнүн мастер-пландарын иштеп чыгуу жана заманбап климаттык чечимдерди киргизүү. Иштин негизи катары шаарды башкаруудагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбалар алынат.

Өз ара аракеттенүүнүн алкагында Жаратылыш ресурстары министрлигинин жана GIZдин адистери кадрларды окутуу, шаардык инфратүзүмдү жашылдандыруу жана заманбапташтыруу боюнча деталдуу пландарды даярдоо менен алектенишет. Мекемеден белгилешкендей, бул чаралар жигердүү урбанизация шартында экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

Scroll to Top