Инсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантат
Жарым жолдо жоголгон тротуар. Конуштагы жаңы жолдун ыңгайсыздыгы айтылды
05.07.2024 | 13:52
“Дордой” базары тараптагы жаңы конушта жаңы бүткөн жол ыңгайсыз жана сапатсыз курулган. Анын видеосу социалдык тармакта жарыяланды.
Анда тротуар болгону менен анын ортосунда электр сым карагай туруп калган. Андан ары жол үйдүн дубалына такалып бүтөт.
“Бул жерден окуучулар өтөт, аялдар коляска менен жүрүшөт. Тротуар бүткөн жерден унаа жүргөн жолго чыгып, басууга туура келет. Ушу үйдүн ээсине күчүңөр жетпей калдыбы? Жээкташтар дагы сапатсыз болгондуктан сынып жатат”, – дейт.
Жарандар мындай тротуарлар шаарда көп кездешерин, айрыкча жаңы конуштарта жөө жүргүнчүлөргө жүрүү өтө кооптуу болуп жатканын белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом