Жасалма акча жасаган адамды уурдап, $20 миң опузалашкан. Сегизинчи шектүү кармалды

Жасалма акча жасаган адамды уурдап, $20 миң опузалашкан. Сегизинчи шектүү кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында адам уурдап, опузалап талап кылган сегизинчи шектүү бир жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, былтыр 24-октябрда Ноокаттын 27 жаштагы тургуну (К.Б.) өзүнүн шериктери менен Кызыл-Кыядагы унаа жуучу жайлардын биринде жолугуп, алдыда жасай турган кылмышын пландашкан. Алар Ош шаарынын 33 жаштагы тургуну (Т.Д.) жасалма акча жасай турганын билип, аны Кызыл-Кыяга уурдап келип, 20 миң доллар опузалоону макулдашкан.

Ошол эле түнү 8 адам Ош шаарына барып, аталган жаранды үйүнөн чакырып чыгышкан. Андан кийин аны ур-тепкиге алып, унаага салып, Кызыл-Кыяга алып кетишкен. Алар өздөрүн «смотрящий» деп атап, Ош шаарынын тургунун ок атуучу курал менен коркутуп «бизге жасалма 20 миң доллар таап келесин, болбосо автоунааңды бизге өткөрүп бер» деп уруп-сабаган. Андан кийин анын унаасын, айдоочулук күбөлүгүн жана 10,6 миң сом акчасын тартып алышкан.

Аталган факт боюнча милиция тарабынан 165-берене (адам уурдоо) жана 208-берене (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, алгач, октябрдын аягында шектүүлөрдүн алтоо кармалган. Жетинчи шектүү (И.У.) Тажикстанга качып кеткен. Бирок эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде кармалып, Кыргызстанга өткөрүп берилген.

Ал эми бул кылмыштын башында турган сегизинчи шектүү (К.Б.) өлкөндөн чыгып кеткендиктен, издөөгө алынып, сот тарабынан сыртынан камакка алуу тууралуу чечими чыгарылган.

Ал быйыл 5-октябрда Ош шаарындагы аэропорттон колго түшүрүлгөн. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>