Жасалма чет элдик акча таратууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстандын эки жараны М.И. жана С.К. жасалма акчалардан «арылуу» максатында унаа сатып алуу жана сатуу менен алектенип, унаа алган-саткан кишиге жасалма акча берип жүрүшкөн.
13-январда алардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, чет элдик жана Кыргызстандын валютасы табылып алынган. Ал акчалар экспертизага жөнөтүлгөн.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери журүүдө.