Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздүКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгиленди
Жаш кыз рулда: Кайгуул милициясы өспүрүмдөргө унаа бербөөнү эскертти
24.10.2025 | 15:15

Бишкек шаарынын милициясынын Кайгуул кызматы ата-энелерге кайрылып, айдоочулук күбөлүгү жана унаа башкаруу тажрыйбасы жок өспүрүмдөргө унаа бербөөгө чакырды.
Кайгуул кызматынын маалыматын ылайык, бирок бул чакырыктар кээ бир учурларда натыйжа бербей келет.
Кезектеги рейд учурунда Кайгуул милициясынын кызматкерлери айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы кыздын унаа айдап бара жатканы аныктаган. Окуянын чоо-жайын аныктаганда, ага унааны ата-энеси берип, “дүкөнгө барып кел” деп жибергенин билдирген.
Натыйжада унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга каршы протокол түзүлдү.
“Ата-энелерди жоопкерчиликти жогорулатууга жана айдоочулук укугу жок адамдарга унаа бербөөгө чакырат. Бир эле ката адам өлүмүнө алып келиши мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта.